Жаңылыктар
Сокулук районунда уурулукка шектүүлөр кармалды
Кылмыш
Сокулук районунда уурулукка шектүүлөр кармалды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Шопоков шаарындагы ишканалардын биринин өкүлү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 22-январь күнү болжол менен саат 01:00 чамаларындабелгисиз бирөөлөр  ишканага киришип, кабелдерин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 27 мин сомду түзгөн. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сокулүк РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудага кылмышка шектелип, 20 жаштагы Б.А. жана Ж.Д. аттуу жарандар кармалган.

Кармалган балдар уурдалган кабелдерди базарлардын бирине сатып жибергени аныкталган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын жагы бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.