Тарых жана маданият жылына карата өкмөт тарабынан старт алган “Улуу Мурас” долбоору алыскы Чоң-Алай өрөөнүндө болуп өттү. Фестиваль байыртан мурас болуп сакталган буюмдардын көргөзмөсү менен коштолду.
Илгертеден эле кыргыздар майрам өткөргөндө көкбөрү тартылат. Чоң той болсун, бешик той болсун же жакшы саамалыкты көздөгөн жөнөкөй иш-чара болсун улак тартылбай калган учурлар сейрек. Чоң-Алайдагы Улуу-Мурас фестивалы да келген конокторго улак ашыруу менен башталды.
15-16 кылымга таандык үй тиричилигине керектелүүчү буюмдар менен зергерлердин колунан жасалган баалуу жасалгалар дагы сынактагы комиссиянын элегинен өттү. Андан соң, тыйын,эңмей, кыз куумай, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу ырымдары көрсөтүлдү.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118