Жаңылыктар
ЖОЖдордо факультеттер кыскарды
Билим
ЖОЖдордо факультеттер кыскарды

Билим берүү тармагындагы реформанын негизинде, быйылкы жылдын эсебинен 18 Жогорку окуу жайда 64 программа жана орто кесиптик окуу жайларда 37 программа боюнча абитуриенттерди кабыл алуу токтоду. Себеби акыркы жылдары бул факультеттерге болгон суроо талап жок болуп калды, дешет билим берүү министрлигинин өкүлдөрү.

Жогорку окуу жайга өтүш үчүн ЖРТдан 110 балл жана предметтик тесттен 60 баллдан кем албаш керек. Ал эми алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөр КРдеги каалаган окуу жайына бюджеттик бөлүмгө тапшыра алат. Жогорку окуу жайга өтүү үчүн 25 миң 300 окуучу босого баллдан өткөн. Быйыл мектепти 62 миңден ашык бүтүрүүчү аяктады. Алардын 25 миңден ашыгы 110дон жогорку алган.              

Бегайым Абдыкадырова, «Биринчи радио»

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118