Жаңылыктар
ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды
Кыргызстан
ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, акча каражатын алып жаткан учурда Москва райондук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү кармалды.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, анын кызматтык бөлмөсүнөн мурда пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, терөө иштери жүрүп жатат.