Жаңылыктар
Казакстанда дагы бир мунай компаниясынын жумушчулары айлык акыны жогорулатууну талап кылышты
Дүйнө
Казакстанда дагы бир мунай компаниясынын жумушчулары айлык акыны жогорулатууну талап кылышты

8-февралда Казакстанда «Сагыз петролеум» компаниясынын 60ка жакын кызматкери айлык акыны жогорулатуу талабы менен нааразылык акциясына чыкты.

Компаниянын Актөбө шаарындагы кеңсесинин алдына чогулган жумушчулар жетекчиликке жолдонгон жамааттык кайрылууга 188 киши кол койгонун билдиришти.

Жумушчулардын айтымында, алар айына орточо эсеп менен 90-160 миң теңгеден айлык алышат.

— Мен төртүнчү разряддагы электрикмин, айлыгым 145 миң теңге. Экологиялык төлөмдөрдү кошкондо 160-170 миң теңге алам. Бала бакчага барган балдарым бар, насыя төлөйм. Күн сайын баалар жогорулап, акча жетпей жатат. Бул маселени үч жылдан бери көтөрүп келебиз. 2018-жылы айлык акыны бир жолу 7% жогорулатышкан. Бирок жапырт төлөмдөрдү көбөйтүү болгон эмес», — деди Куаныш Женсикбаев аттуу жумушчу.

Көп өтпөй чогулгандардын бир нече өкүлү компаниянын кеңсесине кирип, жетекчилик менен жолугуп чыгышты. Алар компания башчысы Дун Вэньсюань айлыкты жогорулатуу маселесин кароого эки ай убакыт сураганын билдиришти. Жумушчулар бир гана ай күтүүгө макул экенин айтышты.

Облустук эмгек инспекциясынын башчысы Саламат Аманбаевдин айтымында, бул маселени кароо үчүн атайын комиссия түзүлдү.

«Сагыз петролеум» Казакстандын Актөбө жана Атырау облустарындагы бир нече мунай кенин иштетет.

Январда Актөбө облусунда «КМК Мунай» жана «АМК Мунай» компанияларынын жумушчулары эмгек шарттарын жакшыртууну жана айлыкты жогорулатууну талап кылып иш ташташкан. Алар жумуш берүүчү талаптарын аткарууга убада бергенден кийин иш орундарына кайтышкан.