Жаңылыктар
Кабыл Макеш: Кенжеевдин жактоочусу өзүн "жарнамалап" жатат
Спорт
Кабыл Макеш: Кенжеевдин жактоочусу өзүн "жарнамалап" жатат

"Акипресс" маалымат агенттигинде Жанарбек Кенжеевге байланыштуу өтө турган жыйын болбой калды. Балбандын жактоочусу Жоомарт Жолдошевдин айтканына караганда, спортчу белгилүү себептерден улам келген эмес. Ал арада Спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макеш, Кенжеевдин жактоочусуна нааразычылыгын билдирип, Жолдошевдин аталган комитеттин атынан сүйлөп жатат деп айыптады.

Кабыл Макеш: "Жактоочу Жоомарт Жолдошев "Кенжеевге жолдомону кайтарып бердим" дегенсип өзүн жарнамалап жатат. Эл аралык Бириккен күрөш дүйнөсү уюму бир гана федерация менен иштешет". 

Жоомарт Жолдошев буга жооп иретинде, эл аралык уюм менен тыгыз иштешип жатканын тастыктаган документтерин көргөздү. Бирок ага ынанбаган Кабыл Макеш мырза мындай жооп кайтарды:

"ФИЛАдан Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясына келген каттын көчүрмөсү Жанарбек Кенжеевге берилген. Жоомарт Жолдошев ошол көчүрмөнү көрсөтүп, бул мага келген расмий кат деп журналисттердин башын айландырды. Жанар Кенжеевге Олимпиадага жолдомосу кайтарылып берилгенде, мен дагы кубанып, ага телефон чалып куттуктагам. Болгону мен Жоомарт Жолдошев мырза Жанарбек Кенжеевдин жолдомосун алууга жардам бердим дегенине тактоо киргизгим келди. Анын аракети менен жолдомо берилбей эле Эл аралык күрөш федерациясынын чечими болгонун, буга чейин бир нече ирет Улуттук Олимпиада Комитети менен Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы бул жагдай боюнча ФИЛАга кат жибергенин, Кенжеевдин машыгуусу жана мелдештерге баруусу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги 1 млн. 611 миң сом сарптаганын, Кенжеев ай сайын УОКтон 650 АКШ долларын, спорт агенттиктен ай сайын 45 миң сом стипендия алып турганын коомчулук билиши керек".

Эске салсак, UWW уюму "допинг колдонду" деп айыптап, Жанарбек Кенжеевдин Олимпиада оюндарына карата уткан жолдомосунан ажыраткан. Бирок аталган эл аралык уюм кыргыз балбанына жолдомону кайтарып берди.