Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт
Спорт
Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт. Ага 40ка жакын өлкөдөн 400дөн ашык спортчу катышат. 

Мелдеш пандемияга байланыштуу көрүүчүлөрсүз өтүп, "КТРК Спорт" каналы аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Мындан сырткары шаардын эс алуу жайларында “күйөрмандардын тилкеси” уюштурулат. Учурда мелдешти өткөрүү жобосу бекитилип, чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлүүдө. Ал эми Кыргызстандын курама командасы учурда Ысык-Көлдө негизги машыгууларын өткөрүп жатат. Азыркы тапта дзюдо боюнча Кыргызстандын 7 спортчусу негизги рейтингде турса, алардын экөө Токиодо өтө турган олимпиадага жолдомо алышкан. Чемпионат “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда 5-9-апрель күндөрү болот. 

Мындан сырткары кыргыз спортчулары алдыда Тель-Авив, Ташкент шаарларында өтө турган чоң мелдештерге даярдык көрүүдө. Бул жолку мелдеш олимпиада оюндарына упай топтоо багыты боюнча өтүп, мыкты жыйынтыкка жеткендер олимп оюндарына жолдомо алуусуна шарт түзүлөт. Өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жаткан эркектер жана кыз-келиндер арасында дзюдо боюнча мелдешке бардык даярдыктар көрүлүүдө.