Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты өтөт
Спорт
Кыргызстанда биринчи жолу дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 9-февраль күнү дзюдо боюнча рейтингдик Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө арналган маалымат жыйын өттү. 

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев катышты. 

Канат Шабданбаев дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатканын айтты: «Аталган мелдешти өткөрүү Кыргызстандын дзюдо күрөшү үчүн абдан маанилүү окуя болуп турат. Чемпионат Бишкек шаарындагы «Газпром – балдарга» ден-соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш Олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпионатка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.

Бүгүнкү күндө мелдештин өткөрүү Жобосу бекип, ага ылайык чемпионатты ийгиликтүү өткөрүүгө баардык иш-чаралар аткарылып жатат». Ошондой эле ведомствонун директору чемпионатты өткөрүү үчүн Мамагенттиктин бюджетинен 12 млн сомго жакын каражат каралганын белгиледи. Ал дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө чемпионатка жакшы даярдык көрүп, байгелүү орундарды багынтууну каалап өттү. 

Жолдошбек Колбаевдин айтымында Азия чемпионаты Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт: «Мелдеш көрүүчүлөрсүз өтөт. Бирок дзюдонун күйөрмандары үчүн КТРК Спорт телеканалынан түз эфирден көрсөтүлүп, Бишкекте фан зоналар уюштурулат. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткаруу боюнча биздин адистер тийиштүү иштерди баштады». Ал спорттук иш-чаранын программасынын алкагында Азия дзюдо федерациясынын конгресси өтөт деп кошумчалады. 

Маалымат үчүн:

Бүгүнкү күндө Кыргызстандык спортчулар Олимпиада рейтингинде төмөнкүдөй жайгашышкан:

- Краковецкий Юрий +100кг - 2117 упай, 27-орун (18-орунда лицензия);

- Золоев Владимир 81кг - 1512 упай, 37-орун (континенталдык квота);

- Те Артур 66кг – 986 упай, 51-орун;

- Айбек уулу Кубанычбек 60кг, - 908 упай, 48-орун;

- Токтогонов Бекболот +100кг – 858 упай, 45-орун;

- Шеров Эрлан 90кг – 794 упай, 54-орун;

- Бестаев Отар 60кг – 467 упай, 72-орун.