Жаңылыктар
Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүнө каршы оорунун белгилери байкалган жаныбарлар тесттен өтөт
Дүйнө
Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы түрүнө каршы оорунун белгилери байкалган жаныбарлар тесттен өтөт

Түштүк Корея бийлиги оорунун белгилери аныкталган мышык менен иттерди коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрөт. 

Маалыматка ылайык, мындай чечим бир нече апта мурун өлкөнүн түштүгүндөгү шаарлардын биринде үй мышыгы коронавируска чалдыкканы тастыкталгандан кийин кабыл алынган. "COVID-19га каршы тестти ветеринардык дарыгер жетектеген дарыгерлердин мобилдик тобу өткөрөт. 

Текшерүүдөн жөтөл, температура, мурундан жана көздөн жаштын агуусу сыяктуу белгилери бар мышыктар менен иттер гана өткөрүлөт. Эгер үй жаныбарынын коронавирус менен ооругандыгы тастыкталса, аны ээсинин үйүндө же атайын мекемеде 14 күн карантинге алынат.