Жаңылыктар
Twitter социалдык тармагын жарым-жартылай акы төлөнүүчү кылууну пландоодо
Дүйнө
Twitter социалдык тармагын жарым-жартылай акы төлөнүүчү кылууну пландоодо

Twitter социалдык тармагын жарым-жартылай акы төлөнүүчү кылууну пландап жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды. 

Маалыматта компания сервисти монетизациялоо жолдорун жана акы төлөнүүчү опцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Биринчи кезекте бир нече аккаунт менен иштөөгө шарт түзгөн Tweetdeck сервисин акы төлөнүүчү кылуу пландалууда. 

Twitter монетизация системасын качан ишке киргизери азырынча белгисиз. Bloomberg агенттигинин жазганына караганда, инвесторлор бул сунушка жооп берише элек.