Жаңылыктар
Президентке ишеним грамоталары тапшырылды
Саясат
Президентке ишеним грамоталары тапшырылды

Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев беш мамлекеттин Кыргызстандагы элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Олимзода Сухроб Ходжа, Судандын элчиси Мохаммед Илиас Мохаммед Аль-Хак, Испания элчиси Педро Хосе Санс Серрано, Жаңы Зеландиядан Иэн Александр Хилл жана Таиланддын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нат Пинёваттаначип. 

Ишеним грамоталары элчилердин Кыргызстанда дипломатиялык миссиялары расмий башталгандыгына байланыштуу тапшырылды. 

Президент Алмазбек Атамбаев дипломаттардын баштаган иши мамлекеттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болорун, өз ара мамилелердин динамикасы алардын ишмердүүлүгүнө көз каранды экенин белгиледи. 

Өз кезегинде Тажикстандын элчиси бул өлкөнүн тышкы саясатында Кыргызстан алдыңкы орунду ээлерин айтты. Испания болсо Кыргызстан менен энергетика жана туризм тармагында кызматташа алаары белгиленди.

Президент Алмазбек Атамбаев элчилерди ардактуу жана жооптуу миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады. Өлкө башчы ар бир мамлекеттин Кыргызстан менен кызматташууда өзүнүн багыты бар экенин айтып, чогуу ишке ашыра турган бир катар долбоорлорго токтолду. 

Маселен Жаңы Зеландиядан айыл чарбасын үйрөнүп, Таиланд менен туризм тармагында, ал эми Испания менен Кыргызстан Смарт Сити долбоорунун алкагында активдүү кызматташууга даяр. 

Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргызстанда жемиштүү жана натыйжалуу иштөөсүн каалап, күндөлүк иште алар кыргызстандык кесиптештери тарабынан дайым түшүнүүчүлүк мамиле менен колдоо табат деп элчилерди ишендирип кетти.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118