Жаңылыктар
Дзюдочулар эл аралык турнирге катышат
Спорт
Дзюдочулар эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Тель-Авив шаарында (Израиль) 18-20-февраль аралыгында өтө турган «Tel Aviv Grand Slam Israel», эл аралык турнирине катышат.

Турнирге машыктыруучулар Сергей Мистрюков жана Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги астында Кыргызстандан 6 спортчу барат. Спортчулар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциянын эсебинен каржыланып, Дирекциянын негизги республикалык жана эл аралык мелдештеринин графигинин негизинде жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, акыркы «Tel Aviv Grand Slam Israel» турнири Тель-Авивде 2020-жылдын 23-январынан 25-январына чейин өткөн. Ага 83 мамлекеттен 545 спортчу катышкан. Кыргызстандык жети спортчунун ичинен Юрий Краковецкий жетинчи орунга жайгашкан.

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынан:

Айбек уулу Кубанычбек 60 кг;

Отар Бестаев 60 кг;

Артур Те 66 кг;

Владимир Золоев 81 кг;

Эрлан Шеров 90 кг;

Юрий Краковецкий100 кг жогору;

Сергей Мистрюков - улук машыктыруучу;

Абдужалил Юнусов - башкы машыктыруучу.