Жаңылыктар
Алимардон Шүкүров белорусиялык “Неман” клубуна өттү
Спорт
Алимардон Шүкүров белорусиялык “Неман” клубуна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров белорусиялык “Неман” клубу менен 3 жылга келишим түздү. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Учурда аталган клубда кыргызстандык Эмир Шыгайбаев да ойноп келет. Буга чейин Гүлжигит Алыкулов  “Немандан” алматылык “Кайрат”клубуна өткөн.

Алимардон Шүкүров - канттык «Абдыш-Ата» футбол клубунун тарбиялануучусу. Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн жана жаштардын курама командалардн катарында бир катар эл аралык мелдештерде ойногон.

2017-жылы 18 жашында улуттук курама командага чакырылып, эң жаш оюнчу катары Кыргызстан – Макао беттешинде оюнга чыккан.

2019-жылы 10-октябрда 2022-жылдагы Дүйнөлүк Чемпионаттын тандап алуу беттешинде Мьянмага каршы улуттук курамада дебюту болуп өткөн. Оюнда  Шүкүров эки голдун автору болгон. Жалпысынан жарым коргоочу улуттук курама команданын катарында 5 беттешке катышкан.