Жаңылыктар
Пандемиянын экономикагы тийгизген таасири. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн
Экономика
Пандемиянын экономикагы тийгизген таасири. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төмөн

Быйыл январь айында ички дүң продукциянын көлөмү 33 млрд сом болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Бул арада өнөр жай продукциясынын көлөмү 22 млрд сомго жетип, былтыркыга караганда 9,5 %га аз болду. Пандемияга байланыштуу текстиль, күйүүчү майдын көлөмү, фармацевтикалык продукция, жер астынан казылган баалуу металлдар 3%дан 25%га чейин кыскарды. Муну менен катар курулуш тармагы да солгундап 25 %га чейин ылдыйлаган. Ал эми дүң жана чекене соода тармагы 12 %га төмөндөдү. 

Вирус күч алып, чек аралар жабык болгон учурда азык-түлүктөргө болгон баанын жогорулашынын кесепети экспорт менен импортко да тийди. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан товар алмашуунун эң чоң көлөмү Орусия менен Казакстанга туш келип, күнүмдүк керектөөдөгү азыктар эки мамлекеттерден келген товарлар менен гана чектелип турду.