Жаңылыктар
Өлкөгө туристтерди тартуу ишин жандантуу зарыл
Туризм
Өлкөгө туристтерди тартуу ишин жандантуу зарыл

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду кабыл алды. 

Жолугушууда Жаманкулов өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, аталган тармактагы абалды жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал жакынкы арада расмий түрдө ишке киргизиле турган, 6 тилде даярдалган Кыргызстан тууралуу веб-сайттын долбоорун тартуулады. 

Веб-сайт өлкө тууралуу, эс алуу жайлары, элдин салт-санасы, Кыргызстанга алып келүүчү негизги маршруттар жөнүндө кеңири маалыматты камтыйт. 

Өз кезегинде Жээнбеков - Департаменттин негизги милдети – өлкөгө туристтерди тартуу боюнча ишти жандантуу экенин баса белгиледи. Бул максатка жетишүү үчүн ириде туристтик инфраструктураны жакшыртуу зарыл, - деди. 

Өлкөгө туристтердин агымын жогорулатуунун дагы бир багыты катары ар кыл маданий иш-чараларды, жарманкелерди, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө тийиштүү көңүл бурулушу зарыл экени айтылды.