Жаңылыктар
Турак-жай маселесинде жарандарды адаштырган ким?
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жай маселесинде жарандарды адаштырган ким?

Мурунку Жогорку Кеңештин кызматкери Нурлан Асанов жетектеген “Турак-жай курулуш кооперативдер коалициясы” жарандарды адаштырып жатат. Мындай билдирүүнү бүгүн өкмөт таратты. 

Буга чейин интернетте видео кайрылуу тарап, анда аталган уюм өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюп, Кытайдан инвестор тартканы жатканын билдирген. 

Кыргыз өкмөтү өзүн "Турак-жай курулуш кооперативдер коалициясы" - деп атаган уюмдун интернет аркылуу жарыялаган кайрылуусунда айтылгандарды четке какты. Өкмөт тарабынан 2015-2020-жылдарга карата элди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу программасы кабыл алынган. 

Программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн жалгыз гана ”Мамлекеттик ипотекалык компания” түзүлүп, 2015-жылдын акырынан тарта иштеп жатат. Мындан тышкары бул багытта башка компания түзүлгөн эмес деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118