Жаңылыктар
Жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууда

“Ата Мекен” фракциясы “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдады. Мыйзам долбоору учурда коомчулуктун талкуусунан өтүп жатат. 

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин гана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет. Өмүрбек Текебаевдин айтымында долбоорго кирген толуктоолорго ылайык, Бишкек шаарынын генералдык планынын негизинде курулган көп кабаттуу үйлөр алынбайт. 


"Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан, шаарды көрктүү деп айтыш кыйын. Ошондуктан ушул мыйзам доолборун даярдадык", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. 

Ошондой эле, мамлекет дагы, эл дагы кыйын абалда турган учурдагы 1991-же 1996-жылдарга чейин курулуп калган имараттар дагы алынбайт. Ошондой эле, түртүлө турган үйлөрдүн кожоюндарына төлөнүүчү кенемтенин түрлөрү дагы так көрсөтүлгөн.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118