Жаңылыктар
36 жаштагы Криштиану Роналдунун алдыдагы максаттары. Кээ бир рекорддорду жаңыртуу үчүн 1 эле гол жетишпейт
Спорт
36 жаштагы Криштиану Роналдунун алдыдагы максаттары. Кээ бир рекорддорду жаңыртуу үчүн 1 эле гол жетишпейт

Криштиану Роналду 5-февраль күнү 36 жашка толду. Статистика таяна турган болсок, португалиялык футболчу жыл өткөн сайын жакшырып, рекорддорду жаңыртууда. "Ювентустун" чабуулчусу карьерасын аяктоого али эрте, бул тууралуу футболчу өзү дагы жана аны менен келишимди 2023-жылга чейин узартууну көздөп жаткан  италиялык клуб дагы жакшы билет. Роналду кандай жетишкендиктерден жана рекорддордон ашып түшкөнүн айтканга чейин, оюнчунун алдыдагы максаттарын айта кетели.Эң титулдуу футболчуга талапкер

Дани Алвес - 42 кубогу менен дүйнөдөгү эң титулдуу футболчу болуп саналат. Криштиану бул тизмеде "Барселонанын" мурунку жарым коргоочусу Хави менен биргеликте 33 кубок жеңген оюнчу катары тогузунчу орунда турат. 2021-жылдын январь айында португалиялык футболчу “Ювентуска” Италия Супер Кубогун утканга жардам берди. Анткени менен, титул боюнча сап башына чыгуу кыйынга турат, бирок Мессини кууп жетүүгө түрткү бар. Аргентиналык футболчу 36 кубокту жеңген. 

 Чемпиондор Лигасынан эң көп кубок жеңүү

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында эң көп титул жеңген – “Реал Мадриддин” мурунку чабуулчусу Пако Хенто 6 кубок менен 1-орунда. Ал эми Роналду беш жолу жеңишке жеткен. “Манчестер Юнайтед” менен бир жолу жана “Реал Мадрид”командасы менен төрт жолу. Бул жагынан “Ювентустун” чабуулчусунда мүмкүнчүлүк бар.Улуттук курама команда үчүн эң көп гол киргизген дүйнөлүк рекордду жаңыртуу

Роналду ирандык Али Даиден жети гол артта: ирандык футболчу 109 гол киргизсе, Роналдуда 102 гол. Быйыл португалиялык футболчу дүйнөлүк рекордду жаңыртышы толук мүмкүн.Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуу

Криштиану Роналду Европанын төрт чемпионатында тогуз гол киргизди. Евро-2004-жылы экини, Евро-2008де бир гол, 2012 жана 2016-жылдары үчтөн гол. Учурда Роналду Евро финалындагы голдордун саны боюнча Мишель Платини менен биринчи орунда. Эгерде Роналду жок дегенде бир гол киргизе алса, анда жалгыз лидер болуп калат.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында эң көп беттеш өткөрүү

Икер Касильяс Чемпиондор Лигасында 177 оюн өткөргөн. Роналду бул рекордко да жакын. Ал 174 беттешке катышкан. Ал эми учурдагы оюнчулардан  Лионель Месси 147 беттеш менен Роналдудан кийинкиде.Футбол тарыхындагы эң улуу футболчулардын бири мына ушундай рекорддорду жакын арада жаңыртышы мүмкүн. Эксперттердин айтымында Роналду жок дегенде 2024-2025-сезонго чейин ойнойт.     

Эмил Жолдошев