Жаңылыктар
Азимжан Аскаровдун иши Чүй облустук сотуна жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Азимжан Аскаровдун иши Чүй облустук сотуна жөнөтүлдү

Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого жөнөттү. Мындай чечим бүгүнкү соттук отурумда кабыл алынып, ишти кароо Чүй облустук сотуна берилди. 

Бүгүн сотто июнь окуясында жабырланган милиция кызматкерлери жана каза болгондордун жакындары катышып сөз сүйлөштү. Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова Аскаровдун күнөөсү далилденгенин, сотторго басым болуп жатканын айтып, эл аралык уюмдар, укук коргоочулар Аскаровдун гана укугун коргоп, каза болгондордун укугуна көз жумуп жатканына нааразы болду. 

Отурумда мамлекеттик айыптоо да көрсөтмө берип, Аскаровдун ишин кайра кароого негиз жок болчу деген пикирин билдиришти. Эске салсак Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин БУУнун адам укуктары комитетинин сунушунун негизинде кайра карап баштаган. 

Аскаров 2010-жылкы окуяларда Жалал-Абад облусунда массалык башаламандыкты уюштургандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.




Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118