Жаңылыктар
Коңшулаш өлкөлөрдүн долларга карата киргизген чектөөлөрү
Экономика
Коңшулаш өлкөлөрдүн долларга карата киргизген чектөөлөрү

Доллардын курсу – бүгүнкү күндө жеке эле Кыргызстанда эмес, коңшу өлкөлөрдө дагы актуалдуу маселелерден болуп калды. Анткени, америка акчасынын кунунан жада калса азык-түлүккө болгон баа дагы көз каранды.

Ал арада өкмөт сатуу-сатып алууларды доллар менен жүргүзүп, баалардын доллар менен көрсөтүлүшүнө тыюу салды. Мындай чектөөлөр башка өлкөлөрдө дагы орун алууда. Маселен, Тажикстандын Улуттук Банкы бардык акча алмаштыруу пункттарын жаап салуу чечимин кабыл алды. Акча алмаштыруу болгону банктарда жана алардын филиалдарында гана жүргүзүлөт. 


Азербайжан дагы ушул эле кадамга барды. Бир нече күн мурда Түркмөнстан валюта сатууну такыр эле токтотту. Россия менен Казакстанда болсо акчасы нефтинин баасынын түшүүсүнөн улам, арзандады. Ал эми бизде кандай? Базарды турукташтырууда кандай иштер жасалууда? 

Кыргызстанда сомдун курсун кармап туруу үчүн Улуттук банк  долларды сатууну улантууда.  Башкы банктын сайтындагы маалыматка ылайык, банк кечээ дагы 1,5 миллион долларды сатыкка чыгарды. 

2016-жылдын башынан бери Улуттук банк 8-ирет валюта базарына доллар сатты. Январь айындагы жасалган интервенциянын жалпы суммасы 39,2 миллион долларды түздү.