Жаңылыктар
Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Кореянын премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду куттуктады

Кореянын Премьер-министри Чон Се Гюн Улукбек Мариповду Кыргызстандын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. 

"Кыргызстандын жана Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 1992-жылдан тарта биздин өлкөлөр ар кыл тармактарда тыгыз кызматташып келүүдө. Биздин мамилелер жигердүү өнүгүүдө жана жогорку деңгээлде турат. COVID-19 пандемиясына жараша түзүлгөн кырдаалга карабастан, өлкөлөр ар кыл багыттагы, анын катарында электрондук Өкмөт, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тармагын кеңейтүүдө. Сиз менен бирдикте өлкөлөр ортосундагы өз-ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүүчү келечектеги тыгыз кызматташууга ишеним билдирем", - деп айтылат куттуктоодо. 

Корея Республикасынын Премьер-министри Чон Се Гюн Кыргызстандын Премьер-министри Улукбек Мариповго чың ден соолук, өлкөнүн элине бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.