Бүгүн, 12-июлда Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин кароону Чүй облустук сотуна жөнөттү. БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровдун ишин кайра кароо сунушунун негизинде өткөн соттогу чечимге жабырлануучу тарап нааразы экендигин билдирди. Талдоочулар бүгүнкү соттук отурум Кыргызстан адам укугун коргоо уюмдары менен эсептешерин көрсөттү десе, айрымдары, БУУнун өлкө сотуна таасир берүүгө жол ачкан Баш мыйзамда чекилик бар экенин айтышат.
2-күндөн бери өтүп жаткан соттук отурум ачык өтүп, ага эл аралык уюмдардын жана чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү, укук коргоочулар жана Массалык маалымат каражаттары көз салып олтурду. Бул ирээт сотто төрагалык кылган Качыке Эсенканов жабырлануучу тараптын сөзүн укту. Анда Июнь окуясында каза болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова жактоочуларга болгон нааразычылыгын жашыра алган жок. Ал эмне үчүн сотто күнөлүү деп табылып, өлүм жазасына тартылган Аскаровдун укугу корголуп, “Июнь окуясында” каза болгондордун укугу корголбойт дейт.
Соттук отурумда 2010-жылда болгон окуяда Сулаймановдун жанында болгон милиция кызматкерлери да кайрадан көрсөтмө берип, Аскаров эч качан акталбашы, буга чейинки соттордун чечими калтырылыш керек экендигин белгилешти. Андан соң, отурумда судялар прокурордун да көрсөтмөсүн угуп, кеңешүүгө кеткен учурдагы танапис, нааразы тарап менен жактоочулардын кайым айтышуусу менен коштолду. Ошентип, Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун аны бошотуу тууралуу өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырып, Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароону Чүй облустук сотуна жөнөткөнүн сот Каычке Эсенканов угузду.
Эске салсак, былтыр июль айында АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан. Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган. Ал эми Жогорку Сот 2010-жылдын Июнь окуяларына айыптуу деп өмүр боюу эркинен ажыратылган Аскаровдун иши боюнча жаңы жагдайларды, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушунун негизинде кайра кароого алды.
Ал эми юридика илимдеринин кандидаты Канимет Бодобаев соттун чечими Кыргызстан адам укугун коргоо уюмдары менен эсептешерин жана демократиянын туу туткан өлкө экенин көрсөттү дейт.
Айрым талдоочулардын белгилөөсүндө, өмүр бою абакка кесилген Аскаров соттон акталып кетет деп кооптонууга негиз жок дейт. Жогорку Сот болгону кылышкерди кармоо, тергөө, соттоо учурунда кыйноо фактысы болгон болбогонун гана териштирип, бир катар суроолор жаралгандыктан облустук сотко өткөрдү.
Эске салсак, Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Анда куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.
Сүймөнкул Идирисов, “Биринчи радио”