Жаңылыктар
Матраимов боюнча иш тергелип бүтө электиги маалым болду
Коррупция
Матраимов боюнча иш тергелип бүтө электиги маалым болду

Райымбек Матраимов боюнча териштирүү иштери уланат. Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттиги жазып чыкты. 13-февралда президент Садыр Жапаров аталган маалымат агенттигине маек курган.

Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен эле бошотуп жиберди. Буга эл нааразычылыгын айтып жатышат. Райым Матраимовдун иши ушуну менен бүттү десек болобу?

Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз.

Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт.