Жаңылыктар
Былтыр Кыргызстан чет жакка 987 миллион долларга алтын экспорттоду
Экономика
Былтыр Кыргызстан чет жакка 987 миллион долларга алтын экспорттоду

Былтыр Кыргызстан чет жакка 987 миллион долларга алтын экспорттоду. Салмагы 17 тоннаны түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады. 

Анын дээрлик бардыгы Улуу Британияга чыгарылган. Ал эми 24 килограммын Түркия сатып алган. 2019-жылы 832 миллион долларга 18 тоннага чукул алтын сатылган.