Жаңылыктар
Баткен облусунда сел жүрүп, бир унааны агызып кетти
Өзгөчө кырдаал

Кечээ, 12-июлу күнү саат 16:00 чамасында Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу, Актерек айылдарында сел жүрүп, сел агып өтүүчү сай аркылуу агып өткөн. 

Актерек айылында сел суулары 20 турак үйлөрдүн короолоруна чеймн кирип, 11 чакырым ички чарбалык жолду кум-шагылга толтурган жана "Портер" үлгүсүндөгү 1 унааны агызып кеткен. Унаанын ичинде адам болбогондуктан, жабыркагандар жок.

POST1RIGHT Актерек айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 320-чакырымында убактылуу жол каттамы жабылып, сел агымы агып өткөндөн кийин жол каттамы ачылган. 
Карасуу айылында да сел суулары 30 турак жайдын короосун каптап, 7 чакырым ички чарбалык жолду кум-шагылдарга толтурган жана 2 ички чарбалык көпүрөнү авариялык абалга келтирген. 
КР ӨКМнин ыкчам тобу жана жарандык коргонуу комиссиялары сел жүргөн аймактарды текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшүп жатышат.