Жаңылыктар
ЖК: Бишкекте эски имараттарды бузуу демилгеленди
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК: Бишкекте эски имараттарды бузуу демилгеленди

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү 1991-жылга чейин курулган эски имараттардын ордуна заманбап турак-жайларды куруу демилгеленүүдө. Бул багытта “Ата Мекен” фракциясы тарабынан иштелип «Бишкек» шаарынын тарыхый борборун өнүктүрүү жана реконструкциялоо” жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. 

Ал арада жарандык коомдун  өкүлдөрү каршылыктарын билдирип, кол топтошту. 

Буга чейин да мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштарылып, коомдук талкууга коюлган.  Ал  эл арасында нааразы пикирлерди жаратып, фракция мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөр  менен  жаңы долбоорду  сунуштап жатат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118