Жаңылыктар
Роналдунун социалдык тармактагы жазылуучулары жарым миллардга жетти
Спорт
Роналдунун социалдык тармактагы жазылуучулары жарым миллардга жетти

Италиянын "Ювентус" клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду дүйнөдө биринчилерден болуп социалдык тармактардан 500 миллион жазылуучу топтоду.

Футболчунун Instagram баракчасында 261 миллион, Twitter окурмандары 91 миллион жана Facebook баракчасында 126 миллион жазылуучу бар.

 Экинчи орунду “Реал Мадриддин” коргоочусу Серхио Рамос, үчүнчүнү мюнхендик “Бавария” командасынын капитаны Мануэль Нойер ээледи.

Криштиану Роналду "Алтын топтун" беш жолку ээси, Чемпиондор Лигасынын беш жолку чемпиону. 2016-жылдагы Европа чемпиону.