Жаңылыктар
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү
Спорт
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү

11-12-февраль күндөрү, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) жаштар арасында дзюдо боюнча  өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.

Республикалык чемпионатта өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Нарын, Ыссык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан 483 балбан катышты. Мелдеш 16 салмак категориясында: 8 (50, 55, 60, 66, 73, 81, 90 кг жана 90 кг жогору) салмак категория эркектер арасында жана (40, 44, 48, 52, 57, 63, 70 кг жана70 кг жогору) салмак категория кыздар  арасында өттү.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулду.