Жаңылыктар
Үркүн темасына мурунку бийлик көңүл бурган эмес
Билим
Үркүн темасына мурунку бийлик көңүл бурган эмес

Үркүн темасы объективдүү себептерден улам мурунку бийлик өкүлдөрү тарабынан тиешелүү түрдө каралган эмес. 

Бул тууралуу президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн эсперти Шаазада Түмөнбаев Ысык-Көлдө өткөн эл аралык-илимий практикалык-конференцияда билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Үркүндүн келип чыгышынын себептери, андагы демографиялык жоготуулар сан менен эсептелген эмес. Иш-чаранын негизги максаты 1916-жылдагы окуяларга тарыхый объективдүү баа берүү. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! 

WhatsApp +996551748118