Жаңылыктар
“Ош Ак-Таш” ачык акционердик коому Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан колдоо тапты
Экономика
“Ош Ак-Таш” ачык акционердик коому  Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан колдоо тапты

 Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан дагы бир ишкер колдоо тапты. Өлкөнүн түштүк регионун курулуш материалдары менен камсыздаган ири ишкананын бири “Ош Ак-Таш” ачык акционердик коомуна насыя берүү тууралуу келишимге кол коюлду. 

Бул каражатка союз мезгилинен бери иштеп келе жаткан ишкананын жабдуулары жаңыртылып, курулушка керектүү болгон жергиликтүү материалдар өздөштүрүлөт. Ишкана толугу менен ишке киргенден кийин 100дөн ашык жумуш орундары түзүлүп, салык жана башка төлөмдөрдөн өлкө казынасына жылына 26 миллион сом түшмөкчү.