Жаңылыктар
Ипотекага бериле турган үйлөр калыс бөлүнөбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекага бериле турган үйлөр калыс бөлүнөбү?

Өз үйүнө ээ болуу – көпчүлүк кыргызстандыктардын кыялы. Албетте, биздин күнүмдүк турмушка өп-чап жеткен айлык менен үй сатып алуу – түшкө да кирбеген нерсе. Айла жок, батирди ижара алып жашоого туура келет. Турак жайга ээ болууну каалагандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Бул көйгөйлөрдү эске алуу менен 2012-жылы “Жеткиликтүү турак-жай” мамлекеттик программасы бекитилген. Анын негизги максаты – элди турак-жай менен мамлекеттин колдоосу аркылуу камсыз кылуу. Документке ылайык, көп балалуу үй-бүлөөлөргө, мамлекеттик кызматкерлерди колдоо көрсөтүлөт.


Кечээтен тарта ипотекалык компания өз ишин баштады. Ал өлкөнүн бардык аймагын камтыйт. Сап башында медиктер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер турушат. Ипотеканы берүүдө жаш курак, эмгек стажы эске алынат. Анан албетте, үйүнүн жок экендиги дагы...

 Буга чейинки берилген батирлерге министрлер, орун басарлары, бөлүм башчылар ээ болуп калган учурлар болгон. Же башкача айтканда, үйү бар туруп эле дагы батир алып коюшкан. Айрымдарын эске албаганда, жөнөкөй кызматкерлерге жетпей калган.

Бул жолу батир берүүдөгү тизменин так экендигине мекеме жетекчилер керт баштары менен жооп беришет. Тизме ачык, адилеттүү түзлөрү айтылууда. Кененирээк Мээрим Бакир кызынын материалында: