Жаңылыктар
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи болгон айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы колдоого муктаж
Экономика
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи болгон айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы колдоого муктаж

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи болгон айыл чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы колдоого муктаж. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, азык-түлүк рыногун мындан ары өнүктүрүү канчалык зарыл экенин быйылкы пандемия жана каатчылык жакшы түшүндүрдү. Ошондой эле бул багыттагы экспорттук потенциалды көтөрүү да учур талабы. Мындан улам жакында эле президент «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

“Таза Жан Агро” дыйкан чарбасы Чүй боорундагы ири делген чарбалардын бири. Төрт жүз гектарга жакын аянтка арпа, буудай, жүгөрү эгилет. Ишкана мындан он беш жыл мурда айдалбай калган айдоо аянттарын ижарага алып, дыйканчылыкты баштаган. Азыр ири кооперативге айланды. Бардык техникасы, айыл чарба шаймандары бар. Сырттан сапаттуу делген үрөндөр алынып келип, райондогу эгиндин сорту да оңолууда.

Ачыгын айтканда чарба өз киндигин өзү кесип, чет элден техникасын шайманын, сапаттуу үрөөнүн алып келип, колдо барын колдонуп ишин баштаган. Кийин мамлекет берген жеңилдетилген насыялар чарбанын ишин алдыга жылдырууга, өндүрүштү кеңейтүүгө көмөкчү болгон. Ошентсе да мамлекет насыядан башка да колдоосун көрсөтүп, комплекстүү жардам берсе тармактын иши дагы да ийгиликтүү болорун белгилешет.