Жаңылыктар
Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Бишкектин бир катар көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркелдин расмий сапар менен келишине байланыштуу 14-июль күнү Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү автокыймылга чектөө киргизилет.

Эртең мененки саат 8:45тен 9:15ке чейин, Абдрахманов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин жабык болот. Чүй проспектиси Шопоков көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин жана Манас проспектисинин Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки аралыктарына убактылуу чектөө киргизилет. 

Ошондой эле, түштөн кийинки саат 15:00-15:30га чейин Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек жолу көчөсүнө чейинки аралыгы, Жибек Жолу көчөсүндө болсо Исановдон Фучик көчөсүнө чейинки узундугу жана аэропортко чейин кеткен жол айдоочулар үчүн убактылуу жабык болуп турат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118