Жаңылыктар
Ала-Бука районундагы чек ара аймагындагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат
Чек ара
Ала-Бука районундагы чек ара аймагындагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Жалал-Абаддын, Ала-Бука районундагы чек ара аймагындагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин жергиликтүүлөр Кош-Болот, Кара-Белес жана Көк-Серек айылдары аркылуу мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүнө макул эместигин билдирип чыгышкан. 

Кош-Болот айылынын тургундары Кара-Белес тилкесинен мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүнө макул эместигин билдирип жатышат. Анткени бул аймакты көп жылдан бери малга жайыт катары пайдаланып келишкенин айтышат.

Өзбекстандын чек ара кызматы Кыргызстандын чек ара кызматына атайын кат жолдогон. Анда Кош-Болот айылынын Кара-Белес тилкесинде изилдөө, чек ара чекиттерин аныктоо иштерин жүргүзүү тууралуу жазылган. Кийин жеринде эки тараптан тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жолугуп, иш башталган. Бирок, ошол учурда жергиликтүүлөр чогулуп, жайыт жеринде жүргүзүлүп жаткан иштер токтотулсун деп чыгышкан.