Жаңылыктар
Борбор калаада жол жээгиндеги ар кандай тосмолор алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада жол жээгиндеги ар кандай тосмолор алынат

“Бишкек башкы архитектура” мекемесинин мындай сунушу шаар бийлиги тарабынан колдоо тапты. Ишкана муну жол жээгиндеги тосмолор шаардын көркүн бузуп жатканы менен түшүндүрдү.

Жол жээгине жакын ар кандай тосмолорду алуу иштери башталганы турат. Мындай демилге менен чыккан “Бишкек башкы архитектура” мекемеси калаанын көчөлөрүндө талапка ылайык эмес тосмолор көбөйгөнүн, алар шаардын көркүн бузуп жатканын билдирүүдө.

Тиешелүү иштер алгач шаардын борбордук бөлүгүндөгү жол жээктеринде, аянт, гүлбактарда жүргүзүлөт. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн гана айрым тосмолор калтырылат. Биринчилерден болуп апта ичинде Сверлов районунда иш башталганы турат.