Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын алдына уюштурулган коштошуу иш-чарасына расмий бийлик өкүлдөрү жана чыгармачыл интеллигенция, маркумдун жакындары катышты. Кыргыз театр жана кино искусствосунун улуу таланты, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында көз жумду. 

Сейдакматова «Кыргыз керемети» деп аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду чоң чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон. 1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик «Туңгуч» театрын ачкан. 2016-жылы Лондондо эл аралык театр фестивалында ага «Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы» наамы ыйгарылган. III жана II даражадагы «Манас» ордени, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалын алган. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.