Борбор калаада "Мен Бишкекти сүйөм" аттуу ири долбоордун алкагында Basicolors арт-группасы түзгөн граффити сүрөттөрүнүн ачылыш аземи өттү. Анын биринчи бөлүгү борбордун жашоочуларын жана конокторун шаарды таза кармоого үгүттөйт. Бул темадагы иш-чараны өткөрүү үчүн №5-компьютердик-гимназия тандалып алынган.
Долбоордун координатору Виктор Цой белгилегендей, мектепте окуучулар бири бири менен граффитилердин мааниси тууралуу ой бөлүшүп, тажрыйба алмашат. Ал эми граффитинин мектептин көчө бетине түшүрүлгөнү - ар бир адам таштандыны туш келди ыргытпай, таштанды челегине салышын эске салып турат. Долбоордун алкагында граффитини мындан тышкары дагы көп кабаттуу үч үйдүн бетине түшүрүү пландалган.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118