Жаңылыктар
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетти
Дүйнө
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетти

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон отставкага кетти. Анын ордун Тереза Мэй ээлей турганы айтылууда. Кэмерон бүгүн каныша Елизавета IIге кызматтан кетүү боюнча расмий түрдө арызын тапшырат. Анын төрагалыгы алдында британ өкмөтүнүн акыркы жыйыны да бүгүн өтөт. 

Ал эми бул кызматка ички иштер министри Тереза Мэй жалгыз талапкер экендиги дүйшөмбүдө белгилүү болгон. Буга чейин партия лидерин аныктоо күз айында болот деп болжолдонуп жаткан. 

Бирок, өкмөт башчылыкка дагы бир талапкер Андреа Ледс мындан аркы жарыштан баш тартып, тез арада өлкөгө премьер-министр керек, демек өнөктүктү узартуунун кажети жок деп айтты. 

Өз кезегинде Дэвид Кэмерон - Андреа Ледс туура чечим кабыл алгандыгын айтып, бул кызматка Терезе Мей келип жаткандыгына да кубанганын кошумчалады.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК: присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное - отправляйте нам! WhatsApp +996551748118