Жаңылыктар
Ишкерлерге маалымат борбору ачылды
Экономика
Ишкерлерге маалымат борбору ачылды

Экономика министрлигинде маалымат борбору ачылды. Ал борбордон ишкерлер, инвесторлор ишкерликти жүргүзүү, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоонун жол-жобосун, сертификациядан өтүү маселелери жана ВСП плюстун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алса болот. Ал үчүн ишкерлер 12-20 номерине чалса, адистер маалымат берет. 

Борбордун ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ишкерлер катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана инвестиция тартуу үчүн ишкерлер менен инвесторлорго бардык шартты түзүү керектигин баса белгиледи.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК: присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное - отправляйте нам! WhatsApp +996551748118