Жаңылыктар
Улут болсом – тилим менен улутмун. Мекендештерибизди республикалык «Кыргыз тили» коому сыйлады
Мекендештер
Улут болсом – тилим менен улутмун. Мекендештерибизди республикалык «Кыргыз тили» коому сыйлады

Эл аралык эне тили күнүнө карата Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде иш-чара өттү. Катышуучулар чет жерде жашаган мекендештердин балдарынын арасында кыргыз тилин сактап калуунун актуалдуу маселелерин талкуулады. 

Иш-чаранын коногу катары катышкан Республикалык "Кыргыз Тили" коомунун президенти Раимжан Курбанов белгилегендей, улуттун улут болуп сакталып калышында өз эне тилин билүү өтө маанилүү. Анын айтымында, бул маселеде ата-энелердин ролу чоң. Иш-чаранын ар бир катышуучусу тилдин сакталышына өз салымын кошуп келе жаткандар.

Айрымдары Россияда кыргыз тилин үйрөтүү боюнча ийримдерди ачса, кээ бир мекендештерибиз эне тилинде окуткан бала бакчаларды ачып жатат. Москвада бир нече жылдан бери "Аян" мигранттар театры дагы иштеп келет. Диаспора жыл сайын өткөргөн көптөгөн маданий иш-чаралар, ар дайым кыргыздын каада-салты, үрп-адаты тууралуу кенен маалымат берүү максатын көздөйт. Бул маселеде өзгөчөлөнгөн мекендештерибиз республикалык «Кыргыз тили» коомунун медалдары менен сыйланды.