Жаңылыктар
Табият кырсыгына кабылган АКШнын Техас штатында учурда абал оор
Дүйнө
Табият кырсыгына кабылган АКШнын Техас штатында учурда абал оор

Болуп көрбөгөндөй суук, таза суусу тоңуп, жарыгы өчкөн аймак. Табияттын кырсыгына кабылып, башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан АКШнын Техас штатында учурда абал оор. Буга чейин 30 жылдан бери каттала элек суук аталган аймакка келип, анын кесепетинен 20дан ашуун адам каза тапты.

Американын Түштүк аймагы сууктун кесепетинен жапа чегүүдө. Техас штатында 20 градус суук болуп, андан 20дан ашуун адам каза болгон. Алардын арасында балдар да бар. Алар гаражда жылынуу үчүн унаага отуруп, көмүр кычкыл газына ууланып калышкан. Аймакта 2 миллион адам жарыксыз калды.
Мындай оор кырдаалдан эң көп жапа чеккен Техас штаты. Алар мындай суукту күтпөгөндүктөн суу түтүктөрү жарылып, борбордук суу берүүчү аймак тоңуп калган. 24 сааттан ашык электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы элди жылуулук издөөгө аргасыз кылды. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен убактылуу баш калкалоочу жай ачылып, резервдик генераторлор орнотулууда. Бул эмерек салонуна 300дөн ашык адам келип баш калакалоого мумкүнчүлүк алышты.

Техастын расмий өкүлдөрү Федералдык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 60 генератор сурап, ооруканалар менен карылар үйүнө артыкчылык берүүнү пландап жатышат. АКШнын түштүк аймактарында рекорддук суук аба ырайы дагы бир нече күн сакталат деп күтүлүүдө. Азыр Американын 70% дан ашык аймагында калың жааган карды тазалоо менен алектенишүүдө.