22-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарындагы Ийри-Суу тилкесинде, 67-93 чакырымдарындагы Кара-Гоо ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
22-февралдан 23-февралга чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-февралдарда жана 23-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
22-23-февралдарда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, 23-24-февралдарда, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.