Жаңылыктар
Борбор калаанын көчөлөрүнө заманбап жол белгилери коюла баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын көчөлөрүнө заманбап жол белгилери коюла баштады

Бишкектин көчөлөрүндө кечкисин унаанын жарыгына чагылышып, айкын көрүнө турган сапаттуу жол белгилери коюла баштады. Аны шаардык мэрия ички булактын эсебинен, өз каражатына ишкана ачып чыгара баштады. Муну менен акча каражаты сарамжалдуу колдонула баштаганын адистер белгилешүүдө. Мурдагы жана азыркы жол белгилеринин наркы канчага айланууда?.

Азыр ордо калаанын айрым көчөлөрүндө кечкисин жарыкка чагылыша турган жол белгилери жаңыдан коюла баштады. Ал караңгы көчөнү аралаган айдоочуга дагы даана көрүнүп турат. Бул жол белгилерин мэрия эми өз күчү менен чыгара баштады. Азыр күнүнө 30 белги жасалат. Ал үчүн керектүү жабдыктар Орусиядан сатып алынды.Шарттуу белгилер жасала турган темир дагы Орусиядан келет. Ушул цехтен аны кесип формага салып, капталдарын ийип, ширетип даярдалат.

Адистердин айтымында, буга чейин жеке ишканалар буюртма менен жасап берген белгилер ашып кетсе, 2 жыл турчу. Андан кийин сыны кетип, өңү өчүп калчу. Жаңылары сапаттуу болгондуктан 5тен 10 жылга чейин чыдайт деп айтылууда.

Буга чейин мэрия бир белгини 3800 сомдон сатып алчу. Азыр өздөрү чыгарып жаткандыктан, бир топ акчаны үнөмдөп, бир белгиден миң сом арттырып жатышыптыр. Тагыраак айтканда бир даанасын 2800дөн чыгарышат.
Жалпы шаар боюнча 50 миң белги алмашылышы керек. Анын 3 миң быйыл коюлат. Кийинки жылы ордо калаадагы бардык жол белгилери жаңыртылып бүтсө, муниципалдык ишкана башка аймактардын белгилерин алмаштырууга киришет. Анткени алардан эмитен эле буюртма келе баштады.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118