Жаңылыктар
Жаа атуу боюнча улуттук курама Ташкентте өтө турган эл аралык мелдешке катышат
Спорт
Жаа атуу боюнча улуттук курама Ташкентте өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү  22-27-февраль  күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турчу «Alpomish va Barchinoy» эл аралык мелдешине катышат. 

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жаа атуу  боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

1. Асел Шарбекова, КРнын эл аралык даражадагы спорт чебери (ЭДСЧ);

2. Улукбек Курсаналиев, КРнын спорт чебери (СЧ);

3. Айтурган Маматкулова, СЧ;

4. Жибек Канатбек кызы, СЧ;

5. Азим Осмоналиев, СЧ;

6. Диана Канатбек кызы, СЧ;

7. Кылычбек Нурманбетов, башкы машыктыруучу.  

Белгилей кетсек,  спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт.