Жаңылыктар
Коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган диний маанайдагы жарнактар
Кыргызстан жаңылыктары
Коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган диний маанайдагы жарнактар

Борбор калаада диний маанайды чагылдырган көрнөк-жарнактар социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратты. Анда кыргыздын улуттук кийимине катарлаш эле бетин ак менен чүмкөгөн, анын катарында паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтү тартылып, алдына "Кайран элим, кайда баратабыз?" - деп жазылган. Интернетте буга каршы чыккан пикирлер да айтылууда. Адистер бул жарнактардын идеясы - улуттук өзгөчөлүктөрү жоготуп алуу коркунучу болуп эсептелерин, исламдын негизги талаптарынан аша чаап радикализацияга бет алуу - жакшылыкка алып барбасын белгилешүүдө. 

Мындай жарнактар бүгүн борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө илинип, алдына “Кыргыз элим, кайда баратабыз?” деп жазылган. Социалдык тармактарда бул көрүнуш дароо кызуу талкууларга жем таштады. Бир тарабы мындай маанидеги көрнөктөрдүн илинишине каршы пикирлерди айтышса, дагы бир тобу улуттук каада-салттарды сактоо үчүн бул өңдүү жарнамалар зарыл дешет. Интернетте буга байланышкан башка сүрөттөр да пайда болду. Фотошоптун жардамы менен паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтүн алып, ордуна жарым жылаңач кыздарды коюп, “илгери кыргыздар ушундай кийингенби”, “мындай көрүнүштөргө эмне үчүн көңүл бурулбайт” деген суроолор жаралды. Пайда болгон баннерлер тууралуу серепчилер үн катышып, дин таануучу Кадыр Маликов улуттук кийим тууралуу мындай деди.

Кадыр Маликов дин таануучу:
Ислам жакынкы чыгыш, Пакистан же Ооганстандагыдай кийингиле деп талап кылбайт. Мындай көрсөтмө жок. Айрым динчилдер кийимден тартып сакалына чейин Мухаммед (САВ) пайгамбарга окшоп жүрүшүбүз керек деп эсептешет. Бирок пайгамбарыбыз ал убакта адамдар кандай кийинсе ошондой кийинип жүргөн. Мындай айтканда ошол учурдун технологиясын колдонгон. Мисалы ал жанында дайым кылыч алып жүргөн. Андыктан бул азыр бардык мусулмандар кылыч көтөрүп жүрүшү керек дегенди түшүндүрбөйт да. Мен өзүм деле бул тема боюнча көп китептерди жазгам. Көп жылдардан бери эле кыргыздар башка бир улуттун эмес, өздөрүнүн улуттук кийимин кийиши керек деп айтып келе жатам. 

Айрым серепчилер борбор калаанын көчөлөрүнө илинген көрнөк-жарнактарда эч кандай терс аракеттер жок деген пикирлерин айтышат. Жарандардын талкуусу жат эмес көрүнүш, коомдук пикир талаш-тартыш, талкуу аркылуу жараларын белгилешет.


Социалдык тармактардагы талкуу хиджабдын өзү тууралуу эмес, андагы бетин чүмкөгөн, баштан-аяк кара кийинген кыз-келиндердин сүрөтү боюнча жүрүүдө. Адистер кара кийим негизи эле кыргыз элинде терс кабыл алынарын белгилешет. Анткени кыргыздын кыз-келиндери караны илгертеден эле күйөсү каза болгондо аза күтүү маалында кийишкен. Ал эми сүннөт кийүүдө кара түс милдеттүү түрдө эмес, ачык өңдөгү кийимдерди тандаса да болорун айтышат.

Айрым маданий ишмерлер бул көрнөк жарнактардын илиниши улуттук идентификацияны жандантуу максатын көздөп, өлкөдө идеологиялык маселелери бир калып салуу зарылчылыгы менен түшүндүрүшөт.
Бишкек мэриясы диний багыттагы баннерлерди агартуучулук маанайдагы фонддун өкүлдөрү илдиргенин билдирди. Эксперттердин пикирине таянсак улуттук баалуулуктарды артка таштап, Исламдын негизги талаптарынан дагы аша чаап - таптакыр эле радикализацияга бет алып кетүү жакшылыкка алып барбайт дешет.


 
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118