Жаңылыктар
Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимде иштөөгө өтүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимде иштөөгө өтүштү

Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимде иштөөгө өтүштү. Мындай чечим салык төлөөчүлөргө ар тараптан жана толук жардам көрсөтүү максатында кабыл алынды. 1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, эми аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат. 

Тагыраагы, декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калгандар кечки саат алтыдан түнкү саат он экиге чейин, ал эми дем алыш күндөрү - эртең мененки саат 09:00дөн түнкү саат он экиге чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. 

Ошондой эле 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, жер участогу бар жеке жактар декларация тапшырышы шарт.



Флаги блока:

На монтаж -- 0Смонтирован -- 0