Жаңылыктар
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо алгач ирет теледебаттар өткөрүлөт
Шайлоо 2023
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо алгач ирет теледебаттар өткөрүлөт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо саясий партиялар жана талапкерлер арасында алгач ирет теледебаттар өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, дебаттар талапкерлер тууралуу кеңири маалымат берген үгүт иштеринин бир түрү болгонун далилдеди. 

Азыркы тапта дебаттар ар кандай темада өтөрү же бирдиктүү коюла турган талаптар, мазмуну талкууланып жатат. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда үгүт материалдарын майыптыгы бар адамдарга ыңгайлаштырып чыгаруу талабы да коюлууда. 

Чыккан материалдардын бир проценти Брайл шрифти менен басылып, көзү начар көргөндөргө аудио форматта, кулагы начар уккандарга видео роликтерге сурдокотормочу берилиши керек. Бул ирет үгүт-насаат учурунда көчөдө, спорттук аянтарда элди чогултууга тыюу салынат.