Жаңылыктар
Баткен: табият кырсыгынан жабыр тарткандар көп
Өзгөчө кырдаал

Кечээ түштөн кийинки күтүүсүз нөшөрдөн улам, Баткен облусунун Лейлек аймагында сел жүрүп, Кара-Суу жана Ак-Терек айылдарынын ички чарбалык жолдорун бузуп, 50гө чукул турак үйлөрдүн короолорун сел баскан. Портер үлгүсүндөгү бир автоунаа сууга агып кетти. 

Бактыга жараша күтүүсүз келген сел адам өмүрүнө зыян келтирбегени менен бейкапар элди заматта дүрбөлөңгө салган. Ички жолдор жарактан чыккан. Ак-Терек айылындагы балдар бакчасы менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына да зыян келтирилген. Ош-Баткен-Исфана жолунун 320 чакырымында автоунаалар ары бери өтө албай, бир саатан ашык туруп калган.

Селден улам, жыгылган электр мамылары орнотулуп, электр жарыктары менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган жок. А бузулган ички арыктар менен кошо жолдорду оңдоо ДЭП -13 ишканасы тарабынан калбына келтирилди.