Жаңылыктар
Мектептин менчиги сатылганбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептин менчиги сатылганбы?

Ак-Өргө конушундагы №84 мектептин спорт аянтчасы боло турган жерге үйлөр курулуп жатат. Мындай билдирүү менен аталган конуштун айрым тургундары чыгып, курулуш токтотулсун деген талаптарды коюшууда. Бирок Бишкек шаардык мэриясы аталган жерде мыйзамдуу курулуш жүрүп жатканын, ал эми мектептин спорт аянтчасына башка жер каралганын маалымдады. 

№84 мектептин курулуп, пайдаланууга берилгенине беш жыл боло элек. Бирок окуучулар эчак толуп, учурда 3 миңге жакын бала билим алат. Мындан улам мектеп жамааты спорт аянтчасынын зарылдыгы чоң дешет.

Спорт аянтчанын курулушу кечигип жатканына, ал жердин талаш жаратканы себеп болууда. Ак өргөнүн айрым тургундары мектепке тийешелүү деген жерге азыр менчик үйлөр курулуп жатканын көрсөттү.
Бишкек шаардык мэриясы тургундар арызданып жаткан жер мыйзамдуу жол менен 12 жарандын энчисине эчак бөлүнгөн деп ишендирүүдө. Ал эми спорт аянтча салына турган жер анын батыш тарабында жайгашкан.

Бишкек шаардык башкы архитектурасындагылар дагы тургундар арызданып жаткан жер мектепке карабай турганын тастыкташты. Спорт аянты үчүн бөлүнгөн жерге стадион батпайт, болгону кичи футболдук аянт куруу мүмкүн дешет.

Мэрия менен башкы архитектура көрсөткөн жерде чынында азыр үйлөр курулуп, жарандар жашап жатышат. Андыктан тургундар бүткөн үйлөрдү бузгандан көрө, стадионду азырынча курулушу баштала элек болгон башка орунга жайгаштыруу керек деген пикирди карманууда. Анын үстүнө арызданып жаткандар архитектура көрсөткөн чиймелерге ишеним артпай турушат. 

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118