Жаңылыктар
Садыр Жапаров эртең Владимир Путин менен жолугушат
Саясат
Садыр Жапаров эртең Владимир Путин менен жолугушат

Садыр Жапаров Россияга болгон иш сапарынын алкагында эртең, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Анда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуулар жана Евразия чөлкөмүндөгү бирдиктүү интеграциялык мамилелер тууралуу сөз болот.

 Эскерте кетсек, 24-25-февраль күндөрү Садыр Жапаров мамлекет башчы катары алгачкы жолу Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Анда Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын башчысы Вячеслав Володин менен жолугаары пландалган.